06.07.2018 17:40

ӨКМ: Алдыдагы күндөрү күтүлгөн аба ырайы

ӨКМ: Алдыдагы күндөрү күтүлгөн аба ырайы

7-июлдан 10- июлга чейин кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт: абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +35…+40º, тоо этектеринде +31…+36°, Суусамыр өрөөнүндө +30…+35º, Ысык-Көл ойдуңунда +27…+32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +31…+36º, тоолуу райондордо +21…+26°, бийик тоолордо +15…+20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмди күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.

7-10-июлда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

7-июлдан 11-июлга чейин Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба ырайы:

7-10-июлда жана 11-июлда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

11-июлда күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, дыйкачылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

12-13-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосу

12-13-июль күндөрү тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы төмөндөйт.

7-9-июлда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы

7-9-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

7-9-июлда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы

7-9-июлда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

7-9-июлда Чолпон-Ата шаарында күтүлгөн аба ырайы

7-9-июлдарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.