29.10.2018 12:33

ӨКМ алдыдагы күндөрү күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат таратты

ӨКМ алдыдагы күндөрү күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат таратты

ӨКМ алдыдагы күндөрү күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт.

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында 31-октябрда жаан жаап, 1-2-ноябрларда жаан карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

1-3-ноябрларда абанын температурасы кескин төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат. 

Тоолуу райондордогу унаа жолдор тайгак, тоңголок болуп кар күрткүсү күтүлөт жана жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп унаалардын кыймылдоосун кыйындатат.