10.04.2018 14:19

Өлкөдө 10-12-апрель күндөрү үшүк жүрөт

Өлкөдө 10-12-апрель күндөрү үшүк жүрөт

10-11-апрелде түнкүсүн  туруксуз аба ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 

Абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөшү күтулөт: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 9…14°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 12…17°, Ысык-Көл жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 7…12°, тоолуу райондордо 5…10° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

10-12 апрелде түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында  жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарын тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү алманын эрте бышуучу сортторунун ачылган бүчүрлөрүнө, өрүк жана алчанын ачылган гүлдөрүнө коркунучтуу.

Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдарында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

10-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарындагы дарыяларында  суунун деңгээли көтөрүлөт, тоолу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.