11.07.2018 12:05

ӨКМ Чычкан суусуна түшүп кеткен унаадан адамдарды алып чыккан жаранды сыйлады

  Чычканга түшкөн унаа (3 материала)
ӨКМ Чычкан суусуна түшүп кеткен унаадан адамдарды алып чыккан жаранды сыйлады

Бишкек-Ош жолунда болгон жол кырсыгы учурунда адамдарды сактап калууга жардам бергени үчүн ӨКМ 32 жаштагы Данияр Дыйканбаевди "Ардак грамота" менен сыйлады. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. 

Данияр Дыйканбаев Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында жайгашкан "Ак-Суу" кафесинде иштейт. Кырсык болгон түнү, 2018-жылдын 26-июнунда ал үйүндө болчу.  

«Кырсык болгон күнү, түнкү саат 03:00 чамасында мен уктап жатканмын. Апам үйгө кирип, жол кырсыгы болгондугун айтаар замат, жардам берели деп инилерим менен дарыянын жээгине түштүк. Суунун ортосунда турган машинанын ичинде жардам сурап турган адамдарды көрүп, иним экөөбүз сууну кечип барып, адамдарды суунун жээгине алып өтүп, автоунаага салып, ооруканага жөнөдүк»- дейт Дыйканбаев. 

КР ӨКМинин Токтогул районундук бөлүмүнүн кызматкерлери “Ардак грамотаны” тапшыруу үчүн барган учурда Данияр Дыйканбаев Бишкек шаарында болгондугуна байланыштуу, апасы Уркуя Дыйканбаевага ыраазычылык билдиришип, сыйлыкты тапшырып келишти.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 26-июнь күнү  түнкү саат 03:00дө  Бишкек-Ош унаа жолунун 264-чакырымында  айдоочу унааны башкара албай калып, Хонда Степ үлгүсүндөгү унаа 8 адамы менен кошо Чычкан суусуна түшүп кеткен. Эки адам дайынсыз болуп, аман калган 6 адамды ошол жерден бирөөлөр унаа менен Токтогул райондук ооруканасына жеткиргени айтылган. 

Издөө иштерине 7куткаруучу тартылып, унааны суудан чыгаруу маалында, дайынсыз делген бир адамдын денеси табылган. Ошол эле күнү дагы бир жүргүнчүнүн жансыз денесин суудан алып чыгышкан.