25.09.2018 09:00

ӨКМ эскертет: Өлкөдө үшүк жүрүшү күтүлүүдө

ӨКМ эскертет: Өлкөдө үшүк жүрүшү күтүлүүдө

Өлкөдө бүгүн-эртең  үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 25-26-сентябрь күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 0…-2° үшүк жүрүшү күтүлөт. 

«Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу», -деп эскертет министрлик.