06.08.2019 18:58
ӨКМ кызматкерлери Дача-СУ айылындагы кырсыкта уюлдук телефондорду алган деп шектелүүдө
Ички иштер министрлиги Дача-СУ конушуна кулаган учактан уюлдук телефондорду алып алышкан деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгоду. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.
Шектүү катары саналган ӨКМдин алты кызматкерине 31-июлда өлкөдөн чыгууга тыюу салынды. Аларга «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып тагылууда.
Айрым массалык маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып, бул иш боюнча ӨКМдин баш-аягы 100дөй кызматкери суралганын жазып чыгышты. ИИМ тергөөнүн кызыкчылыгы деген негизде кенен маалымат берген жок.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: