08.08.2018 11:58

ӨКМ куткаруучулары Чүйдө сууга чөгүп бара жаткан адамды сактап калышты

ӨКМ куткаруучулары Чүйдө  сууга чөгүп бара жаткан адамды сактап калышты

ӨКМ куткаруучулары каналга агып кеткен адамды куткарып калышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

2018-жылдын 6-август күнү түнкү саат 22:00 чамасында Чүй районундагы “Золотая осень” дачаларынан Алга айылында 53 жаштагы Токболотов Калыбек Абдылдабекович бара жатып каналдан өтөм деп, жыгылып сууга түшүп кеткен. КР ӨКМнин Токмок шаары боюнча өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн байланыш түйүнүнө саат 22:21 чамасында Мээнеткеч айылынан өткөн каналда адам сууга агып бараткандыгы жөнүндө маалымат түшкөн.

КР ӨКМнин Токмок шаары боюнча өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн 3-кароолунун кароол башчысы капитан Жолдошбек уулу Б. жетектеген куткаруучулар тобу саат 22:35те кырсык болгон жерге жетип барышып, каналды жээктеп издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада бир чакырым алыстыктан таап, Жолдошбек уулу Б. жана өрт өчүрүүчү –суучул улук сержант Кылычев Р. суудан алып чыгышкан. Суудан алып чыккандан кийин денесиндеги жаракаттарына биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, медициналык тез жардам кызматына тапшырып беришкен.

Жабырлануучу учурда Чүй райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүндө денесинин ар жери сүрүлүп, көгөргөн жана баш сөөгү жабык жаракат алган  деген диагноздор менен дарыланууда жана абалы туруктуу.