05.07.2018 18:02

ӨКМ куткаруучулары сууга түшүү эрежелерин түшүндүрүштү

ӨКМ куткаруучулары сууга түшүү эрежелерин түшүндүрүштү

ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын башкармалыгынын кызматкерлери бүгүн Комсомол көлүндө түшүп жүргөндөргө сууга түшүү эрежелерин түшүндүрүштү.  Куткаруучулардын айтымында, сууда өзүн алып жүрүүнүн жалпы эрежелери булар:

  • Тыюу салынган жерлерге, түшүү үчүн ылайыкташпаган, белгисиз көлмөлөргө түшпөө; 
  • Сууга жүргөн балдарды кароосуз калтырбоо;
  • чек коюлган белгилерден өтпөө;
  • мурун-кийин түшүп жүрбөгөн жерде чумкубоо;
  • суудагы калкымалардан ары өтпөө;
  • көпүрөдөн, дамбадан, кеме токтоочу жайдан, кайыктан сууга секирбөө;
  • мас абалында сууга түшпөө;
  • өтүп бараткан кемелерге, катамарандарга жакын сүзүп барбоо;
  • жалгыз-жарым сууга түшпөө:
  • сууда кармашып-күрөшүп ойнобоо;
  • үшүп же чарчап калгыча суудан чыкпай жүрө бербөө.


Эгер сууда жүрүп, чарчап калсаңыз, өзүнүздү жоготпоңуз. Жээкке чейин сүзүп жетериңизге ишенип, тынч карманыңыз. Чалкаңыздан жатып, буту-колуңузду бош таштап, көзүңүздү жумуп, башыңызды сууга коюп, эс алууга аракет кылыңыз. Горизонталдык абалды сактаңыз. Дем алып, демди ичиңизге кармап, кайра акырын дем чыгарыңыз. Бир калыптагы дем алууну калыбына келтирип алган соң, жээкти көздөй бет алыңыз.