ӨКМ: Лейлекте май куйган бекеттеги өрттөн жабыркагандардын саны төрткө жетти
Лейлекте өрттүн кесепетинен төрт адам жабыркады: бир кыргыз жараны жана 3 тажик жараны. Ошондой эле, 1 май куюучу станция толугу менен күйүп, 1 май куюучу станциянын кеңсеси жана 5 фура, 2 газ ташуучу унаа, 2 спринтер, 1 жеңил унаа күйгөн. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
2018-жылдын 4-июлунда саат 20:30да Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл аймагынын Жаштык айылында жайгашкан май куюучу станциядан өрт чыккан.
Жерине КР ӨКМнин Лейлек райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу, КР ӨКМнин №108 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм ИИМден 30 кызматкер, медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада жана өз ара кызматтыштыктын алкагында Тажик Республикасынын жакын жайгашкан районунан 3 бөлүм тартылган.
Тартылган күчтөрдүн жардамында өрт саат 22:40да чектөөгө алынып, саат 05:25те толук өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрттүн кесепетинен жабыркаган 1963-жылкы Т.Б. аттуу кыргыз жараны Кулунду айылындагы ооруканага жаткырылган. Ал эми тажик жарандарын өздөрүнүн ооруканасына алып кетишкен. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: