ӨКМ: Ош жана Жалал-Абад облусунда 160 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлдү
Ош жана Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургундарды көчкү жүрүү коркунучу бар аймактан убактылуу көчүрүү иши жүрүүдө. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
ӨКМ министри Кубатбек Бороновдун буйругуна ылайык, Ош жана Жалал-Абад облустарында жергиликтүү бийлик менен биргеликте коркунучтуу тилкелерден калкты көчүрүү аракети жүрүүдө. Базар –Коргон, Аксы жана Сузак райондорунан 160 үй-бүлө убактылуу көчүрүлдү.
«Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунда 1190 үй-бүлө көчкү жүрүү коркунучу бар аймакта жашайт. Алардын 797си мамлекеттен өз убагында ссуда жана жер тилкелерин алышкан, бирок, көчпөй жатышат. Жергиликтүү бийлик дагы 393 үй-бүлө үчүн жер тилкесин трансформациялоо маселесин чечүүнүн үстүндө. Кооптуу аймактардан 180 үй-бүлөнү көчүрүп кетүү үчүн кээ бир айылдарда жолду бууп, электр жарыгын өчүрүүгө аргасыз болдук. 160 үй-бүлө туугандарыныкында убактылуу баш калкалап турушмакчы. Ал эми 20 үй-бүлө жашоого шарттын жоктугуна карабай, өз үйлөрүндө кала берди. Бул адам өмүрүн сактап калуу максатындагы мажбурлоо чарасы", -деп билдирди ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу Абдишарип Бекилов.
Жергиликтүү элди коопсуз аймакка жайгаштыруу үчүн Ош облусунун Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын 3 жеринде чатырлар тигилет. Бул максатта ӨКМден 5 орундуу 225 чатыр бөлүндү.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: