22.03.2018 17:33

ӨКМ шашылыш билдирет: Өлкөнүн бир нече унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

2018-жылдын 23-мартынан 27-мартына чейин аба ырайынын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу өлкөнүн бир нече унаа жолдорунда кар күрткү  жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Коркунуч жараткан аймактар:  Кыргызстандын тоолуу райондору, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдары (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдары (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) жана 355-370 чакырымдары (Көк-Бел ашуусу), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99 чакырымдары, Красная  Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдары, Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 289-чакырымы (Чоң-Көчкү), Казарман-Актал-Чат автоунаа жолунун 67-94 чакырымдары (Кара-Көө ашуусу), ошондой эле Ийри – Суу участкасынын 42-44 чакырымдары, Арал-Суусамыр автоунаа жолунун 8-21 чакырымдары, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-90, 145-150 чакырымдары жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары. 

Министрлик билдиргендей, жолдордун айрым жерлери тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.