04.07.2018 10:42

ӨКМ: Шашылыш билдирүү: сел жүрүшү мүмкүн!

ӨКМ: Шашылыш билдирүү: сел жүрүшү мүмкүн!

2018-жылдын 4-июлунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын сел коркунучу бар райондорунда сел жүрүү ыктымалы жогору. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Министрлик буга байланыштуу,  жергиликтүү калктын жана мекемелердин, ишканалардын, уюмдардын (менчигинин түрүнө карабастан) күч-каражаттарын тартуу менен арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана ошондой эле дренаждык түйүндөрдү тазалоо иш-чараларын жүргүзүүгө чакырат.