08.10.2018 11:17

ӨКМ: Шашылыш билдирүү! Жайлоолорго кар жаап, тоо этектеринде үшүк жүрөт

ӨКМ: Шашылыш билдирүү! Жайлоолорго кар жаап, тоо этектеринде үшүк жүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө күтүлүп жаткан аба ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратты. Маалыматта узакка созулган кургак жана жылуу аба-ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөрү айтылат.

Маалыматта жазылгандай, 8-10-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга айланышы, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

8-9-октябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн +1…+6°, күндүз +10…+15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +8…+13°, күндүз +13…+18°, тоо этектеринде жана Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн +1…+6°, күндүз +8…+13° жылуу, тоолуу райондордо түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 3…8° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз 0…+5° жылуу болушу күтүлөт. 

9-10-октябрда түнкүсүн Талас, Кемин өрөөндөрүндө жана Чүй облусунун тоо этектеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча жемиштер үчүн коркунучтуу.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.