12.06.2018 19:07

ӨКМ: Таш-Көмүрдөгү жоокерлер сабалган окуя министрдин жеке көзөмөлүндө

ӨКМ: Таш-Көмүрдөгү жоокерлер сабалган окуя министрдин жеке көзөмөлүндө

Таш-Көмүр шаарындагы 9 жоокерди сабаган окуя министрликтин системасында кайра кайталанбашы үчүн жакынкы күндөрү чечкиндүү чаралар көрүлөт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти. Айтымдарында, сабалган жоокерлердин окуясы министр Нурболот Мирзахметовдун жеке көзөмөлүндө.  

Эскерте кетсек, 10-июнь күнү Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкери бөлүмдүн 19-20 жаштагы жоокерлерин ур-токмокко алган.  

Окуя учурунда ал мас абалда экени айтылат. Тепкиден улам, 9 баланын ээги полго тийип жарылып кеткен.

Учурда бул окуя боюнча Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу) менен кылмыш ишин козголду. Ал эми прапорщик бүгүн, 12-июнда Жалал-Абад ОИИБинин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды. Анын баш коргоо чарасы эртең, 13-июнда каралат.