Өкмөт: 2017-жылы тышкы соодалык товар жүгүртүү 12,5%га жогорулаган
Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 14-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Өкмөттүн 2017-жылдагы аткарган иши тууралуу отчет берди. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
«2017-жылы республиканын тышкы соодалык товар жүгүртүүсү 12,5%га жогорулады. Буга катар Евразиялык экономикалык аймактын өлкөлөрү менен товар жүгүртүү динамикасы өстү. Натыйжада, 2017-жылдын соңуна карата ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмүнүн жогорулашы – 27%ды, ал эми үчүнчү өлкөлөргө карай экспорттун жогорулашы 8,6% түздү», - деп белгиледи ал.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев маалымдагандай, республикалык бюджеттин кирешеси 2016-жылга салыштырмалуу 16 % жогорулап, 135 млрд сомду түздү.
«Салыктык кирешелер 10,2 % өсүп, же 9,6 млрд сомго жогорулаган. Чыгымдарды оптималдаштыруу жана чектөө боюнча 2017-жылы көрүлгөн чаралардын натыйжасында бюджет тартыштыгын ИДПка карата 3.3 % деңгээлде сактап калууга мүмкүндүк болду. Бюджеттин социалдык секторго чыгашасы бюджеттин жалпы чыгымынын 52 % ын, же 79 млрд сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 6 млрд сомго, же 8% жогорулады», - деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.
Ошондой эле Өкмөт башчы билдиргендей, пенсиянын орточо өлчөмү 6,4 %га өсүп, 5412 сомду түздү. Мында пенсиянын базалык бөлүгү 280 сомго жогорулап, 1780 сом өлчөмүндө түзүлдү. Өлкө боюнча орточо айлык акы 6,7 %га өскөн, же 2016-жылы 14,4 миң сом болсо, 2017-жылы 15,4 миң сомго дейре жогорулаган. Бюджет эсебинен жөлөкпулдарды төлөөгө 5,7 млрд сомдон ашуун каржыланган, бул 2016-жылга салыштырганда 300 млн сомго, же 6%га жогору саналат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: