14.03.2018 16:50

Өкмөт «Акылдуу шаар» долбоорун өз күчү менен ишке ашырууну чечти

Өкмөт «Акылдуу шаар»  долбоорун  өз күчү менен ишке ашырууну чечти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Акылдуу шаар» инвестициялык долбоору боюнча милдеттенмелер  аткарылбагандыктан, келишимден чыгууну чечти. Тактап айтканда, келишимде аныкталган мөөнөттөр  сакталган эмес,  долбоорду ишке ашыруу боюнча документтер сапатсыз болгон.

ТЭН даярдоо процессинде инвесторлор Консорциуму  КР Өкмөтү сунуштаган  функционалдык жана техникалык талаптардын шарттарын сактаган эмес.

Тараптар бир катар техникалык маселелер боюнча, атап айтканда, долбоордун мындан ары өнүгүүсүн чектеген маселелер боюнча макулдашууга келген эмес.

Азыркы тапта, долбоордун өлкө үчүн артыкчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорун эл аралык долбоорлор жана бизнес сектордун колдоосунда өз күчү менен ишке ашырууну чечти.

«Биз инвесторлордун ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөгөнбүз, бирок тең-инвесторлор долбоорду ишке ашырууну создуктуруп, ал эми биздин жарандардын жолдордогу коопсуздугун камсыздоо абалы татаал бойдон кала бергендигине байланыштуу бул долбоорду өз күчүбүз менен ишке ашырууну чечтик», - деди Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттигинин директору Эсен Момункулов.

Келишим күчүнө кире электигине байланыштуу, инвестициялык келишимдин аракетин жокко чыгарууда КР Өкмөтү кандайдыр бир юридикалык жана экономикалык кесепеттерге кириптер болбойт.