24.04.2018 12:58

Энергетика жаатында антикризистик чаралар комплексин иштеп чыгуу тапшырылды

Энергетика жаатында  антикризистик чаралар комплексин иштеп чыгуу тапшырылды

Бүгүн Өкмөттө 2017-2018- жылкы күз-кыш мезгилинен өтүү жыйынтыктары боюнча жумушчу кеңешме өттү. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскулов маалымдагандай, 2018-жылдын 25-январында Бишкек шаардык ЖЭБде орун алган штаттан тышкаркы абалды эсепке албаганда,  2017-2018-жылкы күз-кыш мезгилинен өтүүдө абал стабилдүү болду.

Премьер-министр Бишкек шаардык ЖЭБде орун алган авария энергетикалык тармактагы тутумдук көйгөйлөрдү ачыктагандыгын белгиледи.

«Энергетикалык тармактын жетекчилери ишти ийне-жибине чейин билип, татаал кырдаалда жоопкерчиликти башка жакка шылтабай, өзүнө алууга үйрөнүүсү керек. Энергетикалык тармакка күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүү боюнча коюлган милдеттенмелерди алып кете турган чынчыл, квалификациялуу адистер келиши керек. Узак мезгилден бери тутумдук коррупция энергетика тармагынын өнүгүүсүнө олуттуу тоскоолдук жаратып, натыйжада жагымсыз абалга алып келген. Энергетикалык тармак экономиканын натыйжалуу иш алып барган тармагына айлануусу үчүн аталган тармакты ирээтке келтирүү, энергетикалык компаниялардын ишинин финансылык ачыктыгын камсыздоо учуру келди. Өлкө Президенти Өкмөттүн алдына конкреттүү милдетти – бардык коррупционерлерди аныктоо жана тармакты алардан тазалоону койду. Эл байлыгы катары саналган энергетикалык тармакты уурдоо эсебинен байып көнгөн айрым топтордун каршылыгына карабастан, аталган милдет аткарылат», - деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, энергетикалык секторду көзөмөлдөгөн тийиштүү министрлик жана ведомство жетекчилери келерки кышта шаардыктардын турак-жайын ысык суу жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоосу үчүн Бишкек шаардык ЖЭБдеги таңкыстыктарды жоюшу тийиш.

Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилерине энергетикалык тармактагы абалды жакшыртуу боюнча зарыл чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

Атап айтканда, Бишкек шаардык ЖЭБдеги аварияны  жоюу жана өлкөнүн энергетикалык объектилериндеги мындай абалга жол бербөө боюнча антикризистик чаралар комплексин иштеп чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары, жалпы энергетикалык жабдуулардын абалын техникалык талдоодон өткөрүү жана мүмкүн болгон тобокелдиктерди эске алуу менен берилген режимди аткаруусун камсыздоо боюнча анын жөндөмдүүлүгүн баалоо, энергетикалык компаниялардын башкаруу органдарынын жана жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле энергосекторду башкаруунун ачык-айкын ыкмаларын  киргизүү аркылуу энергетикалыык обьектилерди пайдалануунун үзгүлтүксүз технологиялык циклин камсыздоо тапшырылды.

Андан тышкары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Улан Рыскуловго көмүр өнөр жай жана тоо-кен казып алуу тармагы жаатындагы иштерди күчөтүү, кен байлыктарды иштетүү пландалып жаткан райондордун тургундары арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү активдештирүү тапшырмасын берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүү, ошондой эле компаниялардын финансылык абалын жакшыртуу боюнча Өкмөттүн койгон милдеттерин аткаруусу боюнча отун-энергетикалык комплекс ишканаларынынын жетекчилеринин иши өзгөчө көзөмөлгө алынарын баса белгиледи.