30.03.2018 12:24

Өкмөт башчы кыргыз эл артисттерин майрамы менен куттуктап, акчалай жардам берди

Өкмөт башчы кыргыз эл артисттерин майрамы менен куттуктап, акчалай жардам берди

Сапар Исаков 27-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата Кыргыз эл артисттери Замирбек Сооронбаев жана Дүйшөнбек Байдөбөтовдон кабар алды.

 Өкмөт башчы атактуу артисттерге атамекендик искусствого болгон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Премьер-министр азыркы учурда өлкөнүн экономикалык жаатында алгылыктуу динамика байкалып жатканын баса белгиледи. Буга байланыштуу Өкмөт өз тарабынан маданият жаатына ар тараптан колдоо жана жардам көрсөтөт.

 Өз кезегинде эл артисттер кесиптик майрамынын урматына көңүл буруп келгени үчүн Премьер-министрге ыраазычылык билдирип, ишине ийгиликтерди каалашты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков эл артисттерге бекем ден соолук каалап, материалдык жардам берди.