Өкмөт башчы: Салык жана бажы тутумун реформалоо боюнча грузин тажрыйбасы актуалдуу
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 16-июлда, «Ачык Өкмөт» Өнөктөштүгү эл аралык демилгесинин саммитине катышуунун алкагында Грузия Республикасынын Финансы министрлигинин ишмердиги менен таанышты. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн өлкөдө экономиканын бир катар тармактарында, анын ичинде фискалдык органдардын ишмердигинде реформалар жүрүп жатат. «Муну эске алуу менен Кыргыз Республикасы үчүн салык жана бажы тутумун реформалоо боюнча грузин тажрыйбасы актуалдуу», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев. Грузиянын финансы министри Иване Мачавариани билдиргендей, салык демилгелери ишкерлер үчүн жеңилдиктерди белгилөөнү камтыйт.
«Ошол эле учурда салыктык коюмдардын төмөндөшүнө карабастан, салык жыйноолор жыл сайын өсүүдө. Жүргүзүлгөн реформалар аркылуу бажы органдарынын ишмердигиндеги ачык-айкындуулукка жетишилди, бул өлкөнүн транзиттик жагымдуулугун арттырып, бажылык түшүүлөрдүн көлөмүн өстүрүүнү шарттаган. Реформалардын өзгөчөлүктөрүнүн бири - экспорттук жана импорттук операциялар үчүн документтердин санын экиге чейин кыскартуу, ошондой эле бажы постторунда паспорттук, бажылык, фитосанитардык, санитардык жана ветеринардык көзөмөлдү бириктирүү болуп саналат. Мындан тышкары ишкерлерде жүктүн жайгашкан жерине карабастан, аралыктан декларациялоо мүмкүндүгү түзүлдү», - деп ырастады Грузиянын финансы министри Иване Мачавариани.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, кыргыз тарапка Грузиянын акыркы мезгилдерде жүзөгө ашырылган демократиялык жана экономикалык тажрыйбасы кызыкчылык туудурат.
«Өлкөдө салык процедураларын фискалдаштырууну киргизүүдө милдеттүү түрдө чет элдик, анын ичинде Грузиянын тажрыйбасы эске алынат. Биз жакынкы убактарда ведомстволор аралык деталдуу консультацияларды өткөрүүнү макулдашканыбыз маанилүү», - деп белгиледи ал.
Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине ведомстволор аралык консультацияларды даярдоо жана уюштуруу маселелерин өзгөчө көзөмөлгө алууну тапшырды.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: