23.03.2018 13:00

Өкмөт Башкы прокуратурага бөлүнгөн 250 млн сомго түшүндүрмө берди

Өкмөт Башкы прокуратурага бөлүнгөн  250 млн сомго түшүндүрмө берди

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү бир катар маалымат агенттиктериндеги Өкмөт тарабынан Башкы прокуратурага  250 млн сомдун бөлүнүшү тууралуу билдирүүгө байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт.

 Башкы прокуратура 2017-жылы «Альфа-Телеком» ЖАК жана «Brasfortlimited» Компаниясынын ортосунда түзүлгөн насыялык келишим боюнча мыйзам бузууну аныктаган. Жыйынтыгында мамлекетке келтирилген 5 млрд 416 млн сом өлчөмүндөгү зыяндын орду толтурулган.

КР Мыйзамдарына ылайык, прокуратура органдары мамлекетке келтирилген зыяндын суммасынын жана прокурордун доо арызы боюнча соттун чечими менен кайтарылган акча каражаттарынын 30 пайызын алууга укуктуу.

Мындан улам, 2017-жылдын 4-майында  келтирилген зыяндын 1 млрд 624 млн сом суммасын (30%) прокуратура органдарына төлөп берүү токтому чыккан.

250 млн сом өлчөмүндөгү сумма боюнча Өкмөт Жогорку Кеңештин  Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашкан.

Башкы прокуратурага иш жүзүндө 47,1 млн сом бөлүнгөн. 

Бул каражат аталган органдын кызматкерлеринин социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн, тактап айтканда, административдик имараттарды жана прокуратура органдарынын аймактык түзүмдөрүнүн кызматтык турак-жайларын куруу жана оңдоо, форма тигүү, ошондой эле компьютердик техника алууга багытталган.