02.05.2018 14:50

Өкмөт бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү

Өкмөт бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү

Өкмөт бир катар социалдык объектилердин курулушуна 204,4 млн сом бөлдү. Тиешелүү  буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул туурасында өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш боюнча бөлүмүнөн билдиришти. 

Буйрукка ылайык, республикалык бюджеттен  Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине 204 млн 444 миң  400  сом өлчөмүндөгү акчалай каражат бөлүнгөн.

Көрсөтүлгөн сумманын 69 млн 34 миң 900 сому Беловодскидеги балдар психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинин имаратын курууга багытталат.

67 млн 309 миң 500 сом Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын реабилитациялык корпусунун курулушуна, ал эми 68 млн 100 миң сом Жалал-Абад облустук бириктирилген оорукананын жаңы корпусун курууга багытталат. 

Аталган буйрук Кыргыз Республикасы жана Европа биримдиги ортосундагы «Секторду реформалоого келишим - Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо» программасы боюнча 2015-жылдын 27-мартында Брюссель шаарында кол коюлган финансылык келишимдин айрым жоболорун өз учурунда аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун калкы үчүн саламаттык сактоо тейлөөсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган.