01.10.2019 10:53

Өкмөт: Нарын облусунда 13 миң жумуш орду түзүлөт

Өкмөт: Нарын облусунда 13 миң жумуш орду түзүлөт

Нарын облусунун Ат-Башы районунда өнөр жай соода-логистикалык борборун куруу иштери башталат. Бул туурасында КР өкмөт аппаратынан билдиришти.

Бул долбоор - президент Сооронбай Жээнбеков жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин буга чейин кол койгон макулдашуусунун жыйынтыгы.

Өкмөттүн билдиришинче, «соода-логистикалык борбордун ачылышы Нарын облусунун динамикалуу өнүгүшүн шарттайт жана 13 миң жумуш орду түзүлөт».

«Белгилей кетсек, өнөр жай соода-логистикалык борбордун жалпы сметалык баасы 280 млн АКШ долларды түзөт. Аталган  борборду куруу менен  аймакка инвестиция тартылат, өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын жана экспорттун көлөмү көбөйөт, социалдык жана инфраструктуралык маселелер чечилет», -деп айтылат маалыматта.

Маалымдама: Курулуштун башталышы менен республикалык бюджетке 43 миллион сом, жергиликтүү бюджетке 1 млн. 782 миң сом  түшөт. Эгер соода логистикалык борбору ишке берилсе, Нарын облусу 7-8 жыл ичинде дотациядан чыгат.