23.03.2018 17:25

Өкмөт «Жүк 200» үчүн 50 миң сом төлөп берет

Өкмөт  «жүк 200» үчүн 50 миң сом төлөп берет. Бул боюнча бүгүнкү маалымат жыйында мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү Уланбек Шамшиев маалымдады.

Анын айтымында, 2017-жылы чет өлкөдө каза болгон 51  кыргызстандыкты мекенине жөнөтүүгө 1 миллион 616 миң сом  төлөнгөн.

«Ар бир кишиге бөлгөндө 28 миң сомдон туура келген. Биз азыр аны 50 миң сомго көтөрүп, алуучулардын санын көбөйтүү үчүн тапшырыла турган кагаздарды дагы азайтып жатабыз. Бирок, 50 миң сом дагы баардык чыгымды жаппайт. Анүстүнө акча сөөк мекенине келгенден кийин төлөнөт. Ага чейин көбүнчө диаспоралардын күчү менен жөнөтүлөт» — дейт ал.

Жаңы жобо боюнча «жүк 200» үчүн акча жакын туугандарына гана эмес, ага каражат чыгымдаган киши учактын билетин жана башка чыгымдардын чегин көрсөтсө төлөнөт.