26.09.2018 13:45

Өкмөттүн Райымбек Матраимовго каршы берген доо арызын кароо жылдырылды

Өкмөттүн Райымбек Матраимовго каршы берген доо арызын кароо жылдырылды

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кызматка кайтаруу боюнча райондук соттун чечимине каршы доо арызды кароо 30-октябрга жылдырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Соттук отурум бүгүн, 26-сентябрда Бишкек шаардык сотунда каралмак. Керектүү документтердин толук эместигине байланыштуу отурум жылдырылды.

Өкмөт 17-августта Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доосу боюнча чыккан райондук соттун чечимине карата доо арыз берген. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында «иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет» деген жүйөө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.

25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.