09.05.2018 11:20

"Өлбөс полк" жүрүшүнүн катары улам көбөйүүдө

"Өлбөс полк" жүрүшүнүн катары улам көбөйүүдө

Бишкектеги "Өлбөс полк" акциясына улам жаңы катышуучулар келип жатат. Майрамдык марштын алдында катышуучулар Байтик баатыр көчөсү менен шашпай, жүрүш жыйынтыктала турган Жеңиш паркын көздөй жылып келе жатышат. 

Катышуучулардын бири April.kg  кабарчысы менен Улуу Ата Мекендик согушка барып келген аталарынын баяндары менен бөлүштү. 

Бишкек шаарынын тургуну Айбектин атасы Самансур Бөлөкбаев Крымдын эң түндүгүндөгү чабуулга жана Азов деңизинин боюндагы кармашууга катышкан.

1944-жылы оор  жаракат алып, госпиталга түшүп калган. Дарыланып бүткөн соң, мекенине - Кыргызстанга жиберишет. Оор жаракаттары менен үйүнө кайтып келген жоокерди аялы таштап кетет.

Жалгыз калган Самансурду башка аял камкордукка алып, кийин экөө  үйлөнүп, Айбек  аттуу уулдуу болушат.