11.07.2018 10:26

Өлкө аймагына 700 миң сомдук өрдөк этин аткезчилик менен алып келаткандар кармалды

Өлкө аймагына 700 миң сомдук өрдөк этин аткезчилик менен алып келаткандар кармалды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын  кызматкерлери Чүй облустук ИИББнын ЖКККББ кызматкерлери менен бирге өлкөгө өрдөк этин аткезчилик жол менен алып кирген фактыны аныкташты. 

«Ак-Жол автожол» көзөмөл-өткөрүү бекетинен анча алыс эмес жайгашкан «Достук» постунан  Э.М. аттуу жаран башкарып бараткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулган. 

Унаанын жүк салынчу бөлүгүн кароо маалында 312 куту өрдөк эти табылган.  Товардын уруксаат берүүчү документтери жок болгон. Кутуга чапталган кагазга караганда, товар Кытайда өндүрүлгөн. 

КРнын Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, өрдөк этинин базардагы орточо наркы 700 миң сомдон ашат.  

Эске сала кетүүчү жагдай, Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын «Кыргыз Республикасынын аймагына  үчүнчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн көзөмөл астындагы  товарларды (продукцияларды) ташып кирүүнүн тартиби тууралуу» буйругуна ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тартып, «убактылуу чектөө салынган». 

Учурда чогултулган материал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын тергөө башкармалыгына юридикалык баа берүү үчүн жөнөтүлдү.