16.04.2018 12:57

Өлкө аймагында 16-апрелден 20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында 16-апрелден 20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында 16-апрелден 20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы, 16-17-апрелде Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. 

Абанын күндүзгү температурасы абдан төмөндөшү күтүлөт:

Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 7…12° жылуулуктан 10…15° жылуулукка чейин,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 9…14° жылуулуктан 13…18° жылуулукка чейин;

Ысык-Көл жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы төмөндөп 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

16-20-апрелинде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош, Жалал Абад жана Баткен областарындагы тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.