26.06.2018 10:07

Өлкө китепканаларына жалпы баасы 15 миллион сомдук китептер берилет

Өлкө китепканаларына жалпы баасы 15 миллион сомдук китептер берилет

Жалал-Абад областтык китепканасында 2018-жылы 27-июнда “Региондорду өнүктүрүү жылында коомдук китепканалардын ролу” аттуу Республикалык  Х Форум болуп өтөт. Бул туурасында Улуттук китепканадан билдиришти. 

Негизги максаты – өлкөнүн региондорунун социалдык-экономикалык жана маданий турмушун өнүктүрүүдө жана жакшыртууда китепканалардын иштерин консолидациялоо.  

Бул иш-чарада  7 областтын китепканачылары Жалал-Абад областындагы айылдык, райондук, шаардык китепканалардын иштери менен таанышып, тажрыйба алмашышат.

Форумдун жыйынтыгы боюнча Резолюция кабыл алынат, анда Региондорду өнүктүрүү жылынын программасын ишке ашырууда китепканалардын ролу белгиленет.

Резолюциянын алкагында Республикадагы китепканалык ишти өркүндөтүүнүн мындан аркы планы кабыл алынат. Ошондой эле китепкана иштерин өркүндөтүүгө салым кошкон республиканын китепкана кызматкерлерин сыйлоо болот.  Форумдун алкагында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан республиканын айылдык, райондук, шаардык, областтык китепканаларына жалпы суммасы 15 млн. сомдук китептер берилет.

Берилген басылмалардын ичинде акыркы жылдары, кыргыз тилинде басылган тематикалык чоң спектрдеги жана илимий, көркөм адабияттар, энциклопедиялар, окуу куралдары камтылган.

Иш-чарага 7 областтын айылдык, райондук, шаардык, областтык, республикалык китепканаларынын китепканачылары катышат.