12.04.2018 18:02

Өлкөдө 21-27 апрелде китеп жумалыгы өткөрүлөт

Өлкөдө 21-27 апрелде китеп жумалыгы өткөрүлөт

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган «Окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан» жумалыгы башталды. Аны Билим берүү жана илим, Маданият, маалымат жана туризм министрликтери, ЮНИСЕФ, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана АКШнын Кыргызстандагы элчилиги өткөрөт. 

21-апрелден 27-апрелге чейин өтүүчү иш-чаралар улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган. Максаты –  китеп окууга балдардын жана чоңдордун кызыгуусун арттырып, бул багытта ата-энелердин маанилүү ордун көрсөтүү жана залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларына назар буруу.

Китеп жумалыгынын алкагында 21-апрелден 27-апрелге чейин министрликтердин жана USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун колдоосу менен Кыргызстандын бардык китепканаларында жана мектептеринде төмөнкүдөй бир катар иш-чаралар өткөрүлөт:

-19-апрель, 11:00 – Китеп жумалыгына арналган пресс-конференция (АКИpress пресс-борбору, Москва көч., 189)

-21-апрель, 11:00 – (“Ала-Тоо” аянтынын жанындагы) Курманжан Датка атындагы тарыхый-мемориалдык комплексинин аянтында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн расмий ачуу аземи. Ачуу аземинен кийин ар бир китеп сүйөрманын кайдыгер калтырбаган билим берүү, маданий жана көңүл ачуу аянтчалары иштеп баштайт.

Пландаштырылган иш-чаралар:

- Улуттук «Китеп искусствосу» конкурсунун жети номинациясы боюнча сыйлыктарды тапшыруу;

- Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү жазуучуларынын китептеринин көргөзмөсү жана китептерди сатуу;

- «Айтматовду окуйбуз» аянтчасы: Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча конкурстар жана викториналар;

- Фольклордук жана эстрадалык музыка концерти, балдар бий топторунун катышуусу менен;

- балдар үчүн цирк оюндары;

- куурчак спектакли;

«Келгиле, окуйбуз!» аянтчасы: беш негизги окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча балдар жана ата-энелер үчүн оюндар жана көнүгүүлөр, логопеддердин акысыз кеңештери;

«Кызыктуу устакана»: кагаз жана асфальт бетине тартылган балдар сүрөттөрүнүн конкурстары, оригами жана квиллинг боюнча балдар үчүн мастер-класстар;

«Чыгармачылык лабораториясы»:

- конструктор чогултуу боюнча мелдештер,

- робототехника боюнча мастер-класс;

«Шаңдуу старт»: спорттук мелдештер, чоңдор жана балдар үчүн стол үстүндө ойноло турган оюндар;

«Усталар шаары»: реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жасаган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана аларды сатуу;

«АКШда билим алуу»: ACСELS, АКШ элчилигинин кызматкерлеринин жана АКШ окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн кеңештери.

23-апрель – 27-апрель – республика боюнча бардык китепканаларда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлөт.