24.04.2018 10:10

Өлкөдө 25-26-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлүүдө

Өлкөдө 25-26-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлүүдө

25-26-апрелде туруксуз аба ырайы күтүлөт: 25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, күндүз жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

26-апрелде түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 26-апрелде күндүз жаан-чачын жаашы тоо этектеринде жана тоолуу райондордо күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын, Ысык-Көл облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: 25-апрелде Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоо этектеринде 8…13° жылуу, 26-апрелде Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 8…13°, тоолуу райондордо 2…7° жылуу, бийик тоолуу райондордо 0…-5° суук болушу күтүлөт.

"Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат", -деп жазылат билдирүүдө.