25.04.2018 14:00

Өлкөдө 3 ай ичинде 42 миңден ашык бала жарык дүйнөгө келген

Өлкөдө 3 ай ичинде 42 миңден ашык бала жарык дүйнөгө келген

Кыргызстанда биринчи квартал боюнча төрөлүү статистикасы өлкөдө демографиялык көрсөткүч жакшырганын билдирет.  Бул убакыт аралыгында өлкөдө 42 миң 411 бала жарык дүйнөгө келгени катталган.

Көрсөткүч өткөн жылдын дал ушул маалына салыштырганда 10 миң 939 төрөлүүгө көп. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.  

Ошондой эле, 2017-жылдын 3 айына салыштырганда, 2018-жылдын 1- кварталында ажырашуулар көп болгон.