13.04.2018 14:45

Өлкөдө 3 ай ичинде тилсиз жоо 28 адамдын өмүрүн алып кеткен

Өлкөдө 3 ай ичинде тилсиз жоо  28 адамдын өмүрүн алып кеткен

2018-жылдын 3 ай ичинде республика боюнча 878 өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 146 учурга көп. Өрттөн 28 адам каза таап, анын ичинде – 1 жаш бала болгон. Жабыркагандардын саны он беш. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Тилсиз жоодон  43 адамдын өмүрүн жана 292 млн. сомдон ашык товардык материалдык баалуулуктарды сактап калууга мүмкүн болгон. 

Өрттөр негизинен электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан, отко этиятсыздык менен мамиле кылуудан, мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонуудан, балдардын от менен ойноосунан келип чыккан.  Өрттүн жалпы санынан 68.6% турак жай секторунда болгон.