30.03.2018 11:58

Өлкөдө 653 айыл таза сууга муктаж

Өлкөдө 653 айыл таза сууга муктаж

Премьер-министри Сапар Исаков калктуу пункттарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу берүү жаатында иштеп жаткан долбоорлорду ишке ашыруу маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошевдин айтымында,  бүгүнкү күндө республика боюнча 653 айылда таза ичүүчү сууда муктаждык бар.

Буга байланыштуу жарандарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча Дүйнөлүк банктын жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 6 млрд 538 млн сом жалпы көлөмдөгү «Ала-Тоо Булагы» жаңы программасын  ишке ашыруу башталды.

 Программаны ишке ашыруунун биринчи этабы Ош, Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын 115 айылын камтыйт.

Департамент  директорунун пикиринде,  көп учурда ичүүчү суу менен камсыз кылуу кызматынын тарифтери жергиликтүү кеңештер тарабынан коюлат. Бул суу менен камсыз кылуу жана суу берүү системасын натыйжалуу эмес эксплуатациялоого алып келип жатат.

Өкмөт башчы программаны сапаттуу жана айкын ишке ашырууну камсыздап, зарыл кошумча каражаттарды тартуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасын берди. Андан сырткары департаментке ичүүчү сууга болгон тарифтик саясатты жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылды.