27.03.2018 11:35

Өлкөдө 7 медресе жабылып, 23 окуу жай эскертүү алды

Өлкөдө 7 медресе жабылып, 23 окуу жай эскертүү алды

Мусулмандардын диний башкармалыгы жана КР Мамлекеттик комиссиясы 2017-жылы 7 медресени жапкан,  дагы 23 окуу жайы эскертүү алган.  Бул тууралуу бүгүн диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча жыйында мамлекеттик комиссия башчысы Заирбек Эргешов билдирди. Анын маалыматы боюнча, өлкөдө 114 диний окуу жай бар. Көптөрү талапка ылайык шарттарга жана окутуучулар курамына ээ эмес.

 «Бүгүн биздин алдыбызда чоң маселе турат: биз диний билим берүүгө жана жаштардын тандоолоруна олуттуу мамиле кылышыбыз керек.   Дүйнөдө кырдаал оор экенин билебиз. Радикализм зомбулук экстремизмге өтүп кетүүдө. Андыктан, жаштар дин жагынан да жакшы билим алышы абдан маанилүү», — деди ал.

Заирбек Эргешов мектептерд динди үйрөнүү сабагын киргизүү зарылдыгын кошумчалады.  Диндин тарыхы боюнча сабак биринчи жолу 10 пилоттук мектепке  2006-жылы киргизилген.  2016-жылы дагы 56 мектеп программасына кошулган. 2018-2019-жылдары бул сабакты бардык мектептердин билим берүү программаларына кошуу максатталууда.