04.07.2018 12:49

Өлкөдө 7-9-июлда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт

Өлкөдө 7-9-июлда кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт

2018-жылдын 7-июлунан 9-июлуна чейин кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Бул күндөрү абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +35…+40º, тоо этектеринде +31…+36°, Суусамыр өрөөнүндө +30…+35º, Ысык-Көл ойдуңунда +27…+32°, Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында +31…+36º, тоолуу райондордо +21…+26, бийик тоолордо +15…+20º жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт. 

Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерлерде көпкө жүрбөө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.