02.04.2018 13:20

Өлкөдө бир жума ичинде күтүлгөн аба-ырайы

Өлкөдө бир жума ичинде күтүлгөн  аба-ырайы

Кыргызстан боюнча 2-8-апрель күндөрү туруксуз аба ырайы сакталып турат, мезгил - мезгили менен жаан,  тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Гидрометеорология агенттиги билдирди. 

4-апрелде тоолуу аймактарда гана жаан жаайт.  

2 - апрелден баштап, абанын температурасы 16-18ге көтөрүлөт,

3 –апрелде  13-18 градуска жылуу болот.  4-апрелде 17-22 градус жылуу, 5 жана 6- апрелде  күндүз абанын температурасы  22-28 градуска чейин жылыйт.  7-апрелде күн бүркөлүп,  абанын температурасы 20-15 градуска төмөндөйт.

8-9-апрелде кайрадан туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгили менен жаан жаап, аба температурасы 10-15 градуска жылыйт.

Бишкекте 2-апрелде күндүз жаан -чачын күтүлбөйт, түнкүсүн маалы-маалы менен жаайт. 3-4-апрель жаан жаабайт.