16.07.2018 09:26

Өлкөдө бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Өлкөдө бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы катталды

Бир жумада 19 миңден ашуун жол эрежесин бузуу катталды. Бул туурасында КР ИИМинин ЖКККББнын башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 7-июлдан 12-июлга чейин жол кыймылын тескөөчүлөр 19 миң 175 эреже бузууну катташкан. Алардын ичинен: 

• 613 айдоочу светофордун тыюу салган сигналына карабай өтүп кеткен;
• 165 айдоочу рулду мас абалында башкарып баратып кармалган;
•  3277 айдоочу жол белгилеринин талаптарын аткарган эмес; 
•  45 айдоочуга унаасынын маңдайкы, капталкы терезелерин караңгылатып алып айдап жүргөнү үчүн чара       көрүлүп, автоунаанын баарынын тонировкасы алынган.
• 2545 айдоочу ылдамдыкты жогорулатып айдаган;
• 218 айдоочу айдоочулук күбөлүгү жана башка тиешелүү документтери жок кармалган;
• 12312 дагы башка жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.

Айып салынуучу жайга  552 автоунаа токтотулган.