10.10.2018 14:54

Өлкөдө ички мигранттарды жашаган жеринде каттоого турууга милдеттендирүү сунушталууда

Өлкөдө ички мигранттарды жашаган жеринде каттоого турууга милдеттендирүү сунушталууда

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандардын орун которуштуруусу боюнча так маалыматтарга ээ болуу үчүн ички мигранттарды жашаган жеринде каттоого турууга милдеттендирүүнү сунуштоодо.

Ошол эле маалда мекеме каттоого туруудагы бюрократияны болушунча азайтып, кошумча документтерсиз эле интернет аркылуу каттоого туруу мүмкүнчүлүгү түзүлө турганын белгилөөдө.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматына караганда, өткөн кылымдын 90-жылдарынан бери өлкөдө жалпысынан 1,5 миллондон ашык жаран жашаган жерин алмаштырган. Миграция боюнча 2014-жылы жарыяланган баяндамада белгиленгендей, каттоосуз жашаган ички мигранттар билим алууда, медициналык жардам жана социалдык кызматтарга жетүүдө кыйынчылыктарга кабылышат. Мындан тышкары шайлоого катышпай, милиция жана башка бийлик органдарынын алдында алсыз болушат.

Миграция кызматынын белгилешинче, ички миграцияны жетиштүү деңгээлде көзөмөлдөбөө улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат: эмгек ресурстары ар түрдүүчө болгондуктан аймактардын өнүгүүсү текши болбойт, ички мигранттардын көп келгендигине байланыштуу шарты жакшыраак аймактарда социалдык чыңалуу күчөйт, айрым аймактардын инфраструктурасына жүктөлүш көбөйөт жана жашоочулар чек арага жакын аймактарды таштап кетишет.

Учурдагы мыйзамга ылайык, эгер жаран башка аймакка кеминде 45 күнгө көчүп келсе, анда ал жерде каттоого турууга милдеттүү. Бирок бюрократиянын көптүгү ички мигранттарды чочутат. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды кошумча документтерсиз эле мамлекеттик кызматтардын электрондук порталы аркылуу каттоого тургузууну сунуштоодо.