17.05.2018 16:15

Өлкөдө кылмыштардын бирдиктүү реестри жана карыз адамдардын базасы түзүлөт

Өлкөдө кылмыштардын бирдиктүү реестри жана карыз адамдардын базасы түзүлөт

Бүгүн, 17-майда Бишкекте  Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Сот реформасы боюнча кеңештин биринчи жыйыны өттү. Кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында түзүлгөн. Бул туурасында президент аппаратынын  маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Отурумдун жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге ылайык, кийинки жумада сот реформасы боюнча ишти тездетүү максатында Жарлыкка кол коюлат.

Жыйында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тааныштырган соттук-укуктук реформаларды ишке ашыруу боюнча иштин алкагындагы өлкө өкмөтүнүн чаралары талкууланды.

Ал азыркы кезде жазык-укуктук жана жарандык багыттарда иш жүргүзүлүп, ага ылайык соттук-укуктук реформанын алкагында жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды киргизүү үчүн мыйзам долбоорлору жана өкмөттүн чечимдери даярдалганын айтып берди.

“Алты мыйзам долбоору жана өкмөттүн отуздай чечими иштелүүдө. Алардын бир бөлүгү кабыл алынды, үчөө парламентке жиберилди, башклары боюнча активдүү иш жүрүүдө. Анын алкагында кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, бузуулардын бирдиктүү реестрин киргизүү жана карыз адамдардын базасын түзүү каралган”, - деп белгиледи Жеңиш Разаков.

Бул механизмдерди киргизүү жарандарга тергөө процессин, соттогу талдоолорду жана чечимдерди кабыл алууну көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ачык-айкындуулукту камсыз кылып, коррупциялык тобокелчиликтерди азайтат.

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик максаттуу программаны жыйындын катышуучуларынын талкуусуна алып чыкты.

Айнаш Токбаева бул долбоорго сот реформасы боюнча Кеңештердин отурумунда айтылган сунуштар жана сын-пикирлер киргизилерин белгиледи.

“2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик максаттуу программасында сот системасына болгон ишенимди, анын ачыктыгын жогорулатуу жана сот системасынын инфраструктурасын чыңдоо боюнча маанилүү максаттар камтылган. Биз мамлекеттик бийликтин башка бутактары менен бирге бул программаны ишке ашырууга даярбыз”, - деп белигледи Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева.