07.08.2018 13:51

Өлкөдө курал-жарак дүкөндөрү 10-августтан тартып сентябрга чейин убактылуу жабылат

Өлкөдө курал-жарак дүкөндөрү 10-августтан тартып сентябрга чейин убактылуу жабылат

Өлкөдө 10-августтан тартып сентябрга чейин курал-жарак дүкөндөрүн убактылуу жабуу аракети башталат. Бул туурасында ИИМге таянып, «Азаттык» жазып чыкты. 

Бул чечим быйыл сентябрда Ысык-Көлдө боло турган үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин кезектеги саммити менен байланыштуу. Көчмөндөр оюндары быйыл 2-8- сентябрда Ысык-Көлдө өтөт. Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин 3-сентябрда Чолпон-Атада өткөрүү белгиленген.

Маалыматка караганда, оюндарда жана саммитте коопсуздукту камсыз кылуу максатында мергенчилердин колундагы куралдар да убактылуу алынмакчы. Учурда Кыргызстанда курал-жарак саткан ондон ашык дүкөн бар. Аларда негизинен аңчылык куралдары сатылат.

Мындан тышкары, ИИМ таланып-тонолгон ок атуучу куралдарды өз эрки менен өткөрүп берген жарандарга акчалай сыйлык берүү демилгесин көтөрдү. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын мекеме дагы бир сыйра эскертти. 2010-жылы апрель жана июнь окуяларында жүздөгөн курал-жарак, миңдеген ок-дары жоголгону белгилүү.