04.05.2018 17:13

Өлкөдө жакынкы күндөргө күтүлгөн аба ырайы: кайрадан - жаан

Өлкөдө жакынкы күндөргө күтүлгөн аба ырайы: кайрадан - жаан

Бишкек шаарында 5-6-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. жетет. Бул туурасында Кыргызгнидромет билдирет. 

6-майда күндүз жана 7-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 6-майда күндүз 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-майда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

 6-майда Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында, 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 

6-7-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. 

Ош шаарында  5-майда жана 6-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 6-майда күндүз жана 7-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 7-майда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

6-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

7-майда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл облусунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.