12.06.2018 11:57

Өлкөдө жакынкы күндөрү күтүлгөн аба ырайына божомол

Өлкөдө жакынкы күндөрү күтүлгөн аба ырайына божомол

Өлкө аймагында 13-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

14-июнда көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14-июнда 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

15-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, 15-июнда күндүз жана 16- июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

17-июнда жана 18-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 18-июнда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы өзгөрүлүп турат.

13-14-июндарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба-ырайы:

13-июнь күнү жаан-чачын күтүлбөйт. 14-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

12-14-июндарда Ош шаарында күтүлгөн аба-ырайы:

12-июнда түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

13-июнда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.