11.07.2018 17:55

Өлкөдө жаштар тобу «Кечиримдүүлүк күнүн» белгилөөнү демилгелешүүдө

Өлкөдө жаштар тобу «Кечиримдүүлүк күнүн» белгилөөнү демилгелешүүдө

Бишкекте «Залкар» студиясынын негиздөөчүлөрү 3-октябрды «Кечиримдүүлүк күнү» катары белгилөө демилгесин көтөрүп чыгышууда. 22-24 жаштагы жигиттерден куралган ыктыярчылар тобу мындай кайрылууну  өлкө президентине да жолдошконун  April.kg порталына билдиришти.

Алардын мындай кадамга баруусуна мамлекетке жардам берүү ниети себеп болгон. Жана бул аталган топтун биринчи демилгеси эмес. «Биз буга чейин көптөгөн иш-чараларды өткөрүп келгенбиз.  Мисалы, «Биз-каршыбыз!» деген долбоорду алып чыкканбыз. Ал жаштарды ичимдик ичип, чылым чегип жана башка жаман ыплас иштерге барбоого үндөгөн иш-чара болчу. Ошондой эле, жаз айларында ыктыярчы жаштарды чогултуп, таштандыларды жыйнап, ишембилик да өткөргөнбүз», - дейт «Залкар» студиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Болотбек Тилек.

Студиянын башка негиздөөчүсү Эрмек Казыбековдун айтымында, учурда адамдарда кечиримдүүлүк, сабырдуулук деген сапат жоголуп баратат. «Кичине нерседен бири-бирине таарына кетип, үй-бүлө бузулуп жатат. Болбогон шылтоо менен кек сактап, туугандар мамилесин үзүп жатат. Мына ушунун баары коомго, анын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизет. Андыктан, кечиримдүүлүк - керек нерсе. Кечиримдүүлүк тынчтык алып келет, тынчтык- мамлекеттин өнүгүшүнө алып келет. Биз ынтымактуу болсок, мамлекетке чоң салым болот», -деген жарандык активисттер бул күн үчүн 3-октябрды  тандаганын  айтышты.  

Учурда балдар бул багытта 3 социалдык ролик тартып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу бул күндү белгилөөнүн мааниси, кечиримдүү болуунун пайдасы тууралуу элге жеткирүүнү көздөп жатышат. Ошондой эле, өлкө президенти Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жөнөтүп, анын жообун ушул аптанын аягына дейре алабыз деген үмүттө.

«Эгерде чындап эле президент бул күндү «Кечиримдүүлүк күнү» катары бекитип берсе, бул күндү белгилөөнүн мааниси тууралуу дагы роликтерди тартабыз. Алардын жардамы менен элди кечиримдүү болууга, кечирим сурай алууга үндөп, коомубуздун аз да болсо, мүнөзүнүн оңолушуна салым кошсок деген максатыбыз бар», -дешет демилгечилер.  

Ошону менен бирге, бул күндү дем алыш күнгө айлантуу ниеттери жок экенин билдиришти.