12.06.2018 11:37

Өлкөдө жумуш издегендерге көмөк көрсөтүүчү веб-портал ишке кирди

Өлкөдө жумуш издегендерге көмөк көрсөтүүчү веб-портал ишке кирди

Өлкөдө жумуш издегендерге көмөк көрсөтүүчү веб-портал ишке кирди. Аны Социалдык өнүгүү жана эмгек министрлиги менен Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) биргелешип ишке ашырышты. Бул туурасында аталган министрликке April.kg порталына билдиришти. 

Аталган портал жумуш берүүчү менен жумуш издеп жаткан жарандарды, эмгек рыногундагы тенденциялар, талап кылынып жаткан адистиктер жана вакансиялар тууралуу маалымат менен тааныштырат. 

«Эми жумушка муктаж ар бир жаран, катталган жери боюнча аймактык бөлүмдөрүнө барып, же болбосо үйдөн чыкпай эле http://www.btm.kg сайтына кирип жумуш издесе болот. Аталган сайтта кээде вакансия жарманкеси да өтүп турат. Акысыз кесиптик билим берүү окуу курстары да бар. Жарандар керектүү маалыматтарга ээ болуп, каалаган жумушуна орношууга шарт түзүлгөн. Биз 16 жаштан баштап пенсиялык куракка чейинки мекендештеризге жардам берүүгө даярбыз. Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жана  коомдун ар кандай катмарындагы адамдарга мисалы: абактан чыккан, мурун соттолгон жарандарга да көмөктөшүүгө даярбыз»- деп билдирди Бишкек шаардык жумуш менен камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Гульмира Качкыналиева.

Маалымат үчүн айта кетсек, жыл башынан бери өлкө аймагында иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 83 миң 500 адамды түзгөн. Катталгандардын ичинен расмий жумушсуз макамы барлар 61 миң 800 киши. 

Өлкөдө экономикалык активдүү калктын саны 2 миллион 547 миң киши. Жыл башынан бери жумушсуздар эң көп катталган аймак Нарын облусу, анда 5 миң 800 киши жумушсуз жүрөт. Кийинки орунда Жалал-Абад облусу, 24 миң 500 адам жумушсуз. Жумушу жоктор эң аз катталган Бишкек шаары болуп чыкты  —7 миң киши жана Чүй облусунда 6 миң 400 киши.