24.09.2018 14:55

Өлкөдөгү бардык мектептер окуу жылынын соңуна чейин Интернетке кошулат

Өлкөдөгү бардык мектептер окуу жылынын соңуна чейин Интернетке кошулат

Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү мектептерди 100 пайыз Интернетке туташтыруунун үстүнөн иштеп жатат.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда мектептердин 67% дүйнөлүк желеге туташкан.

Быйылкы окуу жылынын соңуна чейин калган 693 мектеп дагы Интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгүн алат.

Сентябрдан тарта Кыргызстандагы мугалимдер жана окуучулар кошумча билим берүү ресурсу катары эки мультимедиалык комплексин алышты. Мындан тышкары мугалимдерге квалификациясын жогорулатуу жана онлайн түрүндө кайра даярдыктан өтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү.