20.04.2018 16:05

Өлкөдөгү жакынкы дем алыш күндөрү аныкталды

Өлкөдөгү жакынкы дем алыш күндөрү аныкталды

Кыргызстан жарандары 30-апрель күнү иштешпейт. Бул күн  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин токтому менен 28-апрелге жылдырылган.

Токтомго ылайык, 5 күндүк график менен иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын,  мекеме, ишканалардын кызматкерлери  үчүн 28-апрель дем алыш күнү  30-апрель иш күнгө жылдырылат.  Ал эми, 7-май дем алыш күнү (5-май дем алыш күнгө туш келип калгандыктан, дүйшөмбү дем алыш күн деп эсептелет)  3-сентябрдагы иш күнгө жылдырылат.  

Ошентип, өлкө жарандары 30-апрелде жана 3-сентябрда эс алып,  28-апрелде жана 7-майда иштешет.