26.10.2018 11:03

Өлкөдөн тууганынын паспорту менен чыгып кетүүгө аракет кылган казак жараны кармалды

Өлкөдөн тууганынын паспорту менен чыгып кетүүгө аракет кылган казак жараны кармалды

«Кең-Булун-автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

1974-жылкы казак жараны Кыргызстандан мекенине өтүп баратып, паспорттук көзөмөлдөн өтүү учурунда кармалды. Ал чек арачыларга С.Ш. аттуу 1979-жылы төрөлгөн адамдын атына берилген документти көрсөткөн.  

Текшерүү паспорттогу маалыматтар жана сүрөт ал адамга тийиштүү эместигин аныктады. Сураштыруу учурунда казакстандык тууганынын паспортун колдонгонун мойнуна алды. 

Керектүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.