17.04.2018 15:36

Өлкөгө импорттолуучу банк жабдуулары 2022-жылга чейин кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат

Президент Сооронбай Жээнбеков “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президент аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 28-февралында кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын аймагына 2022-жылга чейин импорттолуучу банк жабдууларын (банкоматтар, РОS-терминалдар, төлөм терминалдары жана банк киоскалары) кошумча наркка салыкты (КНС) төлөөдөн бошотуу мөөнөтүн узартуу болуп саналат.

Сунушталган чара өлкө үчүн экономикалык пайда алып келээри күтүлөт, анткени ал финансылык агымдардын ачык-айкындуу өткөрүлүшүнө өбөлгө түзөт жана акча каражаттарынын көмүскө экономикада айланышына жол бербейт.

Мындан тышкары, бул Мыйзам нак эмес төлөмдөр үлүшүн көбөйтүү боюнча чараларды андан ары өркүндөтүүгө, республиканын алыскы калктуу пункттарын банктык жабдуулар менен камсыздоого, пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка мамлекеттик төлөмдөрдү, анын ичинде эмгек акыларды жана башка мамлекеттик эмес сектордун төлөөлөрүн банктык карттарга өз убагында чегерүүгө багытталган.

Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.