08.08.2018 12:10

Өлкөгө Тажикстандан аткезчилик жол менен 490 миң куту тамеки алып келаткандар кармалды

Өлкөгө Тажикстандан аткезчилик жол менен 490 миң куту тамеки алып келаткандар кармалды

Тажикстандан Кыргызстандын аймагына аткезчилик жол менен тамеки продукциясын ташып келаткандар кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

22-23-июль күндөрү Баткен облусунун Лейлек районунун аймагында  «Хонда Степвагон» жана «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү автоунаалар кармалган. Аларды текшерүү маалында белгилүү чылым өндүрүүчү компаниянын Тажикстандын акциздик белгилери коюлган 40 миң куту тамекиси табылган.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө кармалган жүк аткезчилик менен алынып келатканы аныкталган. Мындан улам, мамлекетке төгүлбөй калган бажы төлөмдөрү иретинде 1 млн. 556 миң 602 сом зыян келтирилген. Жүктүн жалпы наркы  2 млн. 400 миң сомду түзгөн. 

30-июлда аталган факт боюнча 200-берене менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.