06.07.2018 12:18

Өлкөгө жасалма газонду тиешелүү документтери жок алып кирип келаткан кыргыз жараны кармалды

Өлкөгө жасалма газонду тиешелүү документтери жок алып кирип келаткан  кыргыз жараны кармалды

2018-жылдын 5-июлунда “Акжол-автожол” өткөрүү пунктунда чек арачылар Казакстандан Кыргызстанга документи жок жүк киргизүүгө аракет кылган Кыргызстандын жаранын кармашкан. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргызстандын 1973 ж.т. К.Т. аттуу жараны Мерседес-Спринтер автоунаасында “Акжол-автожол” көзөмөл-өткөрүү пунктуна келип токтоп, чек ара кезмети автоунааны текшерүү  учурунда машинадан футбол талаасы үчүн жасалма газон табылган.

К.Т аттуу жаранда жүккө тиешелүү документтер жок болуп чыккан. Жүктүн жалпы наркы 340 000 сомдон жогору бааны түзгөн. Документтер толтурулган соң кармалган жаран жүгү менен кошо КР ЭККМК нын аймактык бөлүгүнүн кызматкерлерине тапшырылды.